
Балдар рагына каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү
Февраль 17, 202621-февралда Жалал-Абад эл аралык университетинде Бүткүл дүйнөлүк эне тил майрамына арналган маданий иш-чара өттү. Иш-чараны Гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасы уюштурду. Максат — эне тилдин баалуулугун даңазалоо, тилдердин көп түрдүүлүгүн урматтоо жана студенттер арасындагы маданий өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө.
Салтанатты илим, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор З.А. Асилова ачып, эне тил элдин тарыхын, дүйнө таанымын жана өзгөчөлүгүн сактаган ыйык мурас экенин белгиледи. Андан соң студенттер даярдаган көркөм программа тартууланды.
Университетте көп улуттун өкүлдөрү билим алгандыктан, программа көп тилдүү форматта уюштурулду: студенттер кыргыз, орус, өзбек, хинди, тамил, урду жана башка тилдерде ырларды көркөм окуп, докладдарды сунушташты. Ошондой эле улуттук маданиятты чагылдырган чыгармачыл номерлер көрсөтүлдү.
Иш-чарага студенттер жана окутуучулар активдүү катышып, тайпалар дубал гезиттерди даярдашты. Улуттук кийимдер көп улуттуу университеттик чөйрөнүн маданий байлыгын даана чагылдырды. Иш-чара эне тилге болгон сый-урматты арттырып, ар түрдүү маданияттардын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого өбөлгө түздү.








