Нарбаев Мирсадык Рахимбердиевич

Туулган жылы: 20 ноябрь 1975 ж. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району
E-mail: narbaevmirsadyk@mail.ru


Билими:
Ош мамлекеттик университети, Физика-математика факультети, "Математика" адистиги, 1997-ж.
Илимий даражасы: физика-математика илимдеринин кандидаты. Кандидаттык диссертациясын 2010 – жылы КР УИАнын теориялык жана колдонмо математика институтунда 01.01.02-дифференциалдык теңдемелер адистиги боюнча жактаган.
Илимий жана окуу-усулдук эмгектери: 20дан ашык илимий жана окуу-методикалык эмгектери бар


Эмгек жолу:
1997-2008-Ош технологиялык университети, окутуучу, улук окутуучу, окуу иштери боюнча декандын орун басары;
2008-2019-Жалал-Абад мамлекеттик университети, улук окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу, доцент, кафедра башчысы;
2019-2023-Борбордук Азия эл аралык медициналык университетинин илимий иштер боюнча проректору;
2023-2024-Лайт академия Эл аралык мектебинин генералдык директору;
2024-жылдан Жалал-Абад эл аралык университетинин ректору.


Сыйлыктары:
1. Ардак грамоталар:
Ош технологиялык университети – 1999, 2002, 2005;
Жалал-Абад мамлекеттик университети – 2013, 2019;
Сузак райондук мамлекеттик администрациясы – 2013;
Жалал-Абад облустук билим берүү бөлүмүнүн Метод борбору – 2015;
Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин профсоюз комитети – 2016;
КР Билим берүү жана илим министрлиги – 2017;
Жалал-Абад шаардык мэриясы – 2020;
Жалал-Абад облустук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитети – 2020.
2. Ыраазычылык каттары:
КР Билим берүү жана илим министрлиги – 2012;
"Кыргызстан-Астана" кыргыз этномаданий бирикмеси Казакстан элинин Ассамблеясы – 2017.
Сертификаттары:
1) "Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар". 17.06.2004-ж., рег. №128. Ош шаары;
2)"МКТ боюнча компетенттүүлүктү жогорулатуу: интерактивдүү доска менен иштөөнүн методдору жана ыкмалары". 12.01.-16.01.2015-ж. ЖАГУ, Жалал-Абад шаары;
3)"Кесиптик билим берүүнүн сапатын ички жана тышкы камсыз кылуунун системалары жана механизмдери". 15.04.-18.04.2017, Жалал-Абад шаары, 2017-жыл.;
4) "Программаларды көз карандысыз аккредитациялоону өткөрүү жана кесиптик билим берүүнү уюштуруу"БААОПО сертификаты, 2017 ж.рег. Боюнча СТ-0101118;
5) "Билим берүү программаларына жана окуу изилдөөлөрүнө өзүн-өзү баалоо жүргүзүү"ААОПО сертификаты. 12.10.2024 - жылы рег. № СТ-016276.