
Асилова Зульфия Атамырзаевна
Билими:жогорку, 1999-жылы ЖАМУнун Инженердик педагогикалык факультетин «Математика» адистигин артыкчылык ГВ № 90181 диплому менен аяктаган.
Эмгек жолу: 2000-2018-ж.ж. ЖАМУнун «Жогорку математика» кафедрасынын окутуучусу, Информатика жана окутуунун маалымат технологиялары кафедрасынын башчысы, окуу - усулдук Кеңешмесинин төрайымынын орун басары, Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы. 2018-2022 жылдары К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Математика жана маалыматтык технологиялар кафедрасынын башчысы, 2022-2023 Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана кең байлыктарды өздөштүрүү институтунун ага илимий кызматкери; 2023-2024 окуу жылында К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун диркектору; 2024 ж. Жалал-Абад эл аралык университетинин илим, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору.
Айкалыштыруучу кызматтары: 2012-жылдан бери учурдагы Жалал-Абад илимий изилдөө борборунун маалымат технологиялары жана экзогендик процесстер лабораториясынын ага илимий кызматкери; 2019-2022- жж. Илимий изилдөө медициналык социалдык институтунун окутуучусу; 2022-2023 окуу жылында Кыргыз Түрк Манас университетинин окутуучусу.
Илимий изилдөө иштери:
Кандидаттык диссертациянын темасы: «Жер астындагы суулардын көчкү коркунучундагы беткейлердин туруктуулугуна тийгизген таасирин баалоо (Көк-Арт бассейнинин мисалында)»
Коргогон жылы: 24 декабрь 2010- жыл Улуттук илимдер академиясынын Тоо тектеринин физика жана механикасы институту.
Бекигендиги: Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын 2011-жыл 26 апрелдеги чечими (протокол 4к-1/6) менен техника илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы ыйгарылган (ИК № 002954).
Окумуштуулук наамы: “Информатика, эсептөө техникасы жана башкаруу” адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы 2014-жылдын 3-июлундагы чечими (протокол №6дц -2/4) менен ыйгарылган (ДА № 001656).
К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин профессору (2019).
Илимий, окуу усулдук эмгектеринин жалпы саны: 50 дөн ашык, анын ичинде бир ЖОЖдор үчүн окуу китеби, 3 окуу усулдук колдонмосу бар.
Сыйлыктары:
- Кыргыз Республикасынын үч спартакиадасынын призеру (стол үстүндөгү теннис боюнча) 1996, 1998, 2002;
- “Азамат Алтай” Эл аралык коомдук фондунун сыйлыгы ээси, 1998.
- Кыргыз Республикасынын спорт жана дене тарбиясынын мыктысы (Наам 2010-ж.26.03 №60-О буйрук менен ыйгарылды), 2010;
- Кыргыз Республикасынын жаш окумуштуулары арасында өткөрүлгөн “У.Асаналиев атындагы сыйлык” конкурсунун жеңүүчүсү, У. Асаналиев атындагы премиянын лауреаты (Наам 2012-ж.3.11 №2 буйрук менен ыйгарылды), 2012;
- Илимдеги жетишкендиктери жана мамлекеттеги орчундуу маселелерди чечүүдө өзгөчө салым жана алдынкы идеяларын берип келе жаткандыгы, ошондой эле илимге кошкон салымы үчүн “АКЫЛ ТИРЕК” наамынын ээси (2015);
- “Улуу элдин урпактары” Эл аралык коомдук фондусунун “Ардактуу педагог” төш белгиси, 2022.
Кыргыз Республикасынын Туризм жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасы (1999);
ЖАМУнун Ардак грамотасы ( 2011);
ЖАМУнун профсоюзунун Ардак грамотасы( 2012);
Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнүн Ардак грамотасы (2016);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы (2017);
Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Грамотасы менен сыйланган (2018).
Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2022)