
Жалал-Абад эл аралык университети жана Карфаккан университети (БАЭ) кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту
Июнь 3, 2025
ЖАЭУда Doing Good фонду тарабынан уюштурулган стипендиялык экзамендин 1-баскычы өттү
Июнь 5, 2025Жалал-Абад эл аралык университетинин (ЖАЭУ) делегациясы WCIEC Educational Services компаниясынын БАЭ, Дубай шаарындагы кеңсесине расмий визит жасады.
WCIEC (World Choice International Educational Consultancy) — ЖАЭУнун эл аралык студенттерди кабыл алуу жана университетти чет өлкөлөрдө илгерилетүү боюнча эксклюзивдүү өнөктөшү болуп эсептелет.
Жолугушууда төмөнкү маселелер талкууланды:
- Эл аралык студенттерди тартуу механизмдерин өркүндөтүү;
- Чет элдик талапкерлер үчүн колдоо кызматтарын жакшыртуу;
- Азия жана Жакынкы Чыгыш аймагындагы маалыматтык өнөктүктөрдү координациялоо;
- Академиялык мобилдүүлүк жана алмашуу программаларын пландоо.
ЖАЭУ командасы WCIECке алардын глобалдык академиялык коомчулукту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, дүйнө жүзүндөгү студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө даяр экенин дагы бир ирет баса белгиледи.






