
ЖАЭУнун студенттери хирургиялык мелдеште 2-орунду багындырышты
Апрель 19, 2025
Жалал-Абад Эл аралык Университетинде Жер күнү белгиленди: 22-апрель – Тазалык жана жашылдандыруу акциясы
Апрель 22, 2025Эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү жана чыңдоо максатында Жалал-Абад эл аралык университети (ЖАЭУ) Индиядагы WCIEC директору, д-р Файяз И. Ахмедди тосуп алды. Ал университет менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана билим берүү программаларын интеграциялоо боюнча өнөктөш болуп эсептелет.
Сапардын алкагында д-р Ахмед университеттин жетекчилиги — ректор, проректорлор, декан жана администрация мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда кызматташтыктын негизги багыттары, анын ичинде академиялык алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлор, студенттер үчүн тажрыйба топтоо жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Эки тарап тең өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирип, бул визит билим берүү процессин интернационалдаштырууга жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы кесиптик мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган маанилүү кадам экенин белгилешти.















