
WCIEC билим берүү кызматтарынын Дубайдагы кеңсесине визит
Июнь 4, 2025
Ишенимдүү жооп — жаркын келечек: биринчи курс студенттери сынактан ийгиликтүү өтүштү
Июнь 11, 2025Жалал-Абад эл аралык университетинде Doing Good кайрымдуулук фонду уюштурган стипендиялык сынактын биринчи этабы өткөрүлдү. Бул демилге биринчи курстун студенттери үчүн өткөрүлүп, таланттуу жана келечектүү жаштарга каржылык колдоо көрсөтүү жана алардын өнүгүүсүнө шарт түзүү максатын көздөйт.
Биринчи баскычта катышуучулар логикалык ой жүгүртүү, аналитикалык жөндөмдөр жана профилдик сабактар боюнча негизги билим деңгээлин текшерген тесттен өтүштү. Ошондой эле студенттердин мотивациясы жана билимге болгон умтулуусу да эске алынды.
Бул сынак студенттер арасында чоң кызыгуу жаратты жана Doing Good фондунун стипендиясын алуу жолундагы алгачкы кадам болуп калды.




