
Ар түрдүүлүктө биримдик: Жалал-Абад эл аралык университетиндеги маданий майрам
Январь 17, 2025
Тажрыйба алмашуу: Доктор Ашок Сингарам менен жолугушуу
Январь 22, 2025Жалпы медициналык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Таалайбек кызы Аида Индиянын Пуна шаарындагы Eye Hospital Chanke клиникасында академиялык мобилдүүлүк алкагында тажрыйба алмашып келди.
16.01.2024 – 31.01.2025 аралыгында ал клиниканын иш процессин, көз ооруларын дарылоодо колдонулган жаңы ыкмаларды жана технологияларды үйрөнүп, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча баалуу тажрыйба топтоду.
Бул тажрыйба алмашуу учурунда ал өз кесиби боюнча билимин жана практикалык тажрыйбасын кеңейтти, ошондой эле кыргызстандык медицина тармагына жаңы билимин алып келүү боюнча пландарын түздү.
Биз Таалайбек кызы Аиданын тажрыйба алмашуу программасын колдойбуз жана келечекте ушул сыяктуу академиялык мобилдүүлүк программаларын уюштурууну улантмакчыбыз.